Садыр Жапаров Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, анда эки тараптуу жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Александер Ван дер Беллен өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү туруктуу диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мамлекет башчы австриялык кесиптешине Австрияга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы тогуз жылда биринчи жолу болуп жаткан бул сапар кыргыз-австриялык мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого маанилүү кадам болоорун айтты.
Президент эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн Кыргызстан активдүү кызматташууга даяр экенин ырастады.
Андан соң сүйлөшүүлөр кеңири курамда улантылды.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы