Садыр Жапаров Атамбаевдин бошотулушу тууралуу: Соттун чечимине баш ийишибиз керек  

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги интервьюсунда  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттун чечими менен бошотулушу тууралуу суроого жооп берди.

-Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.

«Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын» деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай, пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: «Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын» деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат, -деди Садыр Жапаров.

Кечээ, 14-февралда, үч жарым ай абакка жаткандан кийин Алмазбек Атамбаев абактан чыгарылды.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, “коррупцияны уюштурууга” күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты