Садыр Жапаров Албаниянын президенти Байрам Бегай менен сүйлөшүү жүргүздү

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Албаниянын президенти Байрам Бегай менен Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Жапаров Байрам Бегайдын алгачкы расмий сапары эки өлкө үчүн маанилүү тарыхый окуя экенин баса белгилеп, бүгүн кыргыз-албан мамилелеринин жаңы барагы ачылат деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Албанияны Европадагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары караарын баса белгилеп, өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуу жолунда ийгиликтерди каалады.

Ал эки өлкөнүн саясий диалогунун бекемделишине жана тармактык министрликтер менен ведомстволордун жигердүү өз ара аракеттенүүсүнүн зарылдыгына токтолду.

“Соода-экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү багытында биргелешип иш алып барууга кызыкдарбыз. Айрыкча туризм, кайра иштетүү өнөр жай, транспорт жана санариптик өнүгүү сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар” деди мамлекет башчы.

Албаниянын президенти Байрам Бегай бүгүнкү сүйлөшүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын потенциалы биргелешкен аракеттер менен толук ачылаарын белгиледи.

“Географиялык жактан биз алыс жайгашканыбыз менен, принциптерибиз бирдей: бул жалпы жоопкерчилик жана адамдардын жыргалчылыгына кызмат кылган эгемен мамлекеттердин баалуулуктарына карата терең урмат. Ошондуктан, бул сапар биздин өлкөлөрдү жакындатат жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн бекем пайдубал түзөт деп терең ишенем”, — деди Байрам Бегай.

Ал ошондой эле экономика, билим берүү, маданият жана өз ара кызыкчылык туудурган башка багыттарда өз ара аракеттенүү үчүн ачылып жаткан перспективаларга токтолду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында лидерлер кыргыз-албан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Албаниянын президенти Байрам Бегай 17-июнда Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты