Албаниянын президенти Байрам Бегай расмий иш сапары менен келди

  • 3 месяца мурун

Албаниянын президенти Байрам Бегай 17-июнда Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди.

Жогорку даражалуу меймандын учагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна конду.

Флагштоктордо эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Сапардын алкагында эки лидер Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын сүйлөшүүлөрү, ошондой эле маданий иш-чараларга катышуусу күтүлүүдө.

Буга чейин 17-19-июнда Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапар менен келери маалымдалган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты