Садыр Жапаров АКШ сенаторунун санкциялык чектөөлөрдү бузбоо чакырыгына жооп берди

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине  Кыргызстан Россияга батыштын санкцияларын айланып өтүүгө көмөктөшүп жатат деген АКШ сенатору Боб Менендестин билдирүүсүнө комментарий берди.

— Россия менен Кытай кичинекей Кыргызстанга көз каранды эмес. Россия менен Кытай өздөрү бири-бирине кошуна өлкөлөр. 4000 километр чек ара тилкеси бар. Россия кааласа деңиз аркылуу, кааласа темир жол аркылуу эшелон-эшелон же баржа-баржа кылып каалаган товарын ташып алат. Ооба, кыргызстандык компания дрон алып бара жаткан жеринен Казакстандан кармалды. Ал дрондор айыл чарба багытына жумшала турган дрондор болчу деп түшүндүрдү. Бирок ошентсе да биз азыр дрон жана учкучсуз аппараттарды өткөрбөй жатабыз.

Ал эми менин атыма сенатор эле эмес, төбөсү көрүнгөн чоңдордун баарынан эле андай каттар көп келип турат. Муну мен жөн гана Кыргызстанды кандай болсо дагы бир шылтоо таап, кысым кылып, өздөрү жакка тартуу деп билем. Биз андайга жол бербейбиз. Биз эгемендүү мамлекетпиз. Бардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болобуз. Көп векторлуу саясат жүргүзөбүз. Россия-Украина маселесинде башталышында эле биз нейтралдуубуз деген позициябызды билдиргенбиз. Ошол позициядан жазбайбыз. Биз позициябызды бир тарабына өзгөртүп койсок эле ошол тарабы жеңип кетпейт. Бизден көз каранды эмес, -деди Садыр Жапаров.

АКШнын Сенатындагы эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал анда Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды. Бул тууралуу “Азаттык” “Америка үнү” (Voice of America – ред.) сайтына шилтеме кылуу менен жазды.

Сенатордун Жапаровго жолдогон катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.

“Сиздин өкмөтүңүздү ушундай санкциялык чектөөлөрдүн бузулушу тууралуу айыптоолорду чукул иликтөөгө, өлкөңүз аркылуу товарлардын мыйзамсыз өтүшүнүн алдын алган ишенимдүү жол-жоболорду орнотууга чакырам” деп жазылган катта.

Менендес “Кыргызстандын Орусияга салынган эл аралык санкциялар боюнча эрежелерди сактай албаганы – демократиядан жана адам укугун сактоодон чегинип жатканынын белгиси” деген кооптонуусун билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты