Садыр Жапаров «Акаевчиби, Бакиевчиби… мамлекетибизге пайда алып келсе, ким болбосун, ишке тартам» деди

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине энергетика боюнча Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жооп берип, аны менен катар, саясатты жыйыштырып салып, мамлекетке пайда алып келем дегендердин кимисин болбосун, ишке тартаарын билдирди.

-Мен саясатты жыйыштырып салып, мамлекеттин, элдин турмушун көтөрүшүм керек. Анткени, журт атасы болдум. Мага мындан ары баары бирдей.

Акаевчиби, Бакиевчиби, Атамбаев, Жээнбековчубу же Айдар, Максимчиби, айтор кыргыз элине, мамлекетибизге пайда алып келем десе, ким болбосун, баарын ишке тартам. Бирок мамлекеттин казынасынан бир тыйын уурдатпайм,- деп билдирди Садыр Жапаров.

-Бул жагын күч түзүмдөрү менен фискалдык органдар тыкыр көзөмөлдөп турушат. Кээ бир учурларда күч түзүмдөрүнө баланча жерден уурдалды деп берилген жалган маалыматтардын айынан ызы-чуу болуп кетип, тиешелүүлөрдүн баарын чогултуп, бир столго эки тарапты олтургузуп жеке өзүмдүн катышуум менен териштирүү жүргүзүп, чындыкты, адилеттүүлүктү, калыстыкты аныктаган учурларыбыз да көп. Андыктан «чычканга кебек алдырбайбыз» дегендей, -деди президент Садыр Жапаров.

Сүрөт-коллажында мурдагы президенттер жана азыркы президент. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты