Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, чыгуу жарлыктарына кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыроо жөнүндө жарлыктарына кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирип жаткандар түзөт.

Маалыматта канча адам жарандыкты кабыл алганы, канчасы чыкканы же жарандыктан ажырагандыгы тууралуу маалымат жарыяланган эмес.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты