Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 9% добуш берди

  • 2 года мурун

28-ноябрь саат 12:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бирдиктүү шайлоо округунан 339 миң 785 жаран же жалпы шайлоочулардын 9,17% катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 329 миң 965 шайлоочу (9,12%) добуш берди.

БШКнын маалыматына ылайык, бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочуларын акыркы тизмесине 3 млн 703 миң 420 жаран кирген. Бир мандаттуу шайлоо округунан добуш берчүлөрдүн саны — 3 млн 619 миң 292.

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Сүрөт: ПолитКлиника/Элиза Муратбек кызы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты