Көрүнүктүү сүрөтчү Абдырай Осмонов дүйнөдөн кайтты
- 4 недели мурун
Көрүнүктүү сүрөтчү, педагог жана маданий ишмер Абдырай Осмоновдун дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Абдырай Осмонов 1939-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба айылында төрөлгөн. Агасынын колдоосу менен Фрунзе сүрөтчүлүк окуу жайына тапшырып, ошол жерден таланттуу жаштардын – кийинчерээк кыргыз искусствосунун жылдызына айланган Сүймөнкул Чокморов сыяктуу досторду тапкан.
Өзүнүн чыгармачылык жолун өркүндөтүү максатында Абдрай Осмонов Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы Сүрөт институтуна тапшырган. Бул атактуу окуу жайда Борис Иогансон сыяктуу залкар устаттардын жетекчилиги астында окуп, өзүнүн дүйнө таанымын жана чыгармачылык чеберчилигин арттырган. Анын дипломдук эмгеги – “Мелодия” аттуу чыгармасы, өзү басып өткөн жолун жана маданиятыбызга болгон терең урматын чагылдырып, кыргыз элинин салттарын сүрөттөгөн.
Мекенине кайтып келгенден кийин Абдырай Осмонов Фрунзе сүрөтчүлүк окуу жайында сабак берип, кыргыз сүрөтчүлүк мектебин калыптандырууга зор салым кошту. Ал окуткан жүздөгөн студенттер анын эмгегине жана акылмандыгына күбө болуп, кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө олуттуу үлүш кошту.
Абдырай Осмоновдун Кыргыз Республикасынын маданиятына кошкон салымы эбегейсиз чоң. Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана чыгармачылыгын баалаган бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Маркум менен коштошуу зыйнаты 19-ноябрь күнү саат 11:00дө, Бишкекте Көк-Жар айылы, Айкөл шаарчасы, Чатыр-Көл көчөсү, 37 дарегинде өтөрү кабарланды.