Айтылуу скульптор Зураб Церетелинин сөөгү Грузияга коюлат

  • 2 месяца мурун

Монументчи-сүрөтчү, скульптор, Россия сүрөт академиясынын президенти Зураб Церетели 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалды. Зураб Церетели менен коштошуу Москвада «Куткаруучу Христ» храмында 23-апрелде өтөрү маалымдалды. Церетелинин сөөгү 27-апрелде Грузияда жерге берилет.  

СССРдин эл сүрөтчүсү Зураб Церетели 5 миңден ашык живопись, графика, скульптура, монументалдык-декорация искусствосунун чыгармаларын жараткан. Церетели Москвада Петр I жана “Түбөлүк достук” монументин жараткан, «Куткаруучу Христ» жаңы храмынын долбоорунда катышкан. Церетелинин эмгектери Нью-Йорк шаарында БУУнун имаратынын алдында “Жакшылык жамандыкты жеңет”, Испаниянын Севилья шаарында “Адамдын жаралышы”, Лондондо “Ишенбестик дубалын уратуу” жана башка дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчтарында монументтери белгилүү.  

Зураб Церетели менен коштошуу 23-апрелде Москвада «Куткаруучу Христ» храмында өтөрү маалымдалды. Ал эми Церетелинин сөөгү Тбилисиде 27-апрелде жерге берилет.

Сүрөттө: Зураб Церетели. ТАСС

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты