Сүлүктү шахтасында уранды алдында калган кенчилер куткарылды

Кечээ, 23-октябрда, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “Адахан” шахтасы урап, ичинде калып калган төрт адам куткарылды.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМдин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары шахтанын 110 метр тереңдикте калган төрт адамдын өмүрүн сактап калышты.

Куткаруучулар алгач жер алдында калган Сүлүктү шаарынын тургундарын дем алдыруу максатында, түтүк менен жер алдына аба жеткиришкен. Андан соң уранды тазаланып, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарып алышкан.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты