Сүлүктүдө жаран шахтада уран астынан куткарылды
- 2 года мурун
16-январь күнү кечинде Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде жаран уран астында калып, куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, маалымат келип түшөрү менен куткаруу ишине 13 куткаруучу жиберилип, жыйынтыгында кен казуучу аман-эсен куткарылган.
«Кен казуучу тез жардам кызматына өткөрүп берилди. Абалы туруктуу»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




