Нарын дарыясына түшүп кеткен жаш баланын сөөгүн издөө улантылууда
- 2 месяца мурун
Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаш баланын сөөгүн издөө улантылууда.
Бүгүн, 9-апрелде, Аксы райондук №30 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 12 куткаруучу кайык менен, 5 суучул куткаруучулар, Ички иштер министрлигинен 3 кызматкер, Чек ара кызматынан 10, жергиликтүү тургундардан 10 киши, жалпы 40 киши жана эки кайык менен куткаруучуар тартылды.
5-апрелде 2018-жылы туулган К.И. аттуу жаш бала Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн убакыттан бери издөө иши үзгүлтүксүз улантылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




