Сүлүктүдөгү оорукананын мурдагы имараты мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты жанаша жайгашкан жалпы 0,88 га аянты менен мамлекетке кайтарылды.

«УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2010-жылдын декабрында ачык аукцион аркылуу аталган оорукананын имараты Жер кодексинин 78-беренесинин 2-пунктун бузуу менен көмүр казуучу компанияларга жеке менчикке сатылган. Кийинчерээк Сүлүктү шаарындагы мурдагы оорукананын имараты максатсыз пайдаланылып, бузулуп, иштебей калган» деп айтылат маалыматта

Сүлүктү шаарынын Студенческий көчөсү дарегинде жайгашкан 0,88 га жер тилкеси менен мамлекеттик оорукананын имараты  көмүр казуучу ишканалар менен түзүлгөн келишимге ылайык, Сүлүктү шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө кайрадан каттоодон өткөрүлгөн.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты