Сүлүктү шаарындагы шахтадагы кырсыктан бир киши каза болду
- 2 недели мурун
Сүлүктү шаарындагы “Кара-Садак” шахтасында орун алган кырсыктан бир киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кырсык 27-апрелде болгон. Куткаруучулар ал күнү Сүлүктү шаарынын 41 жаштагы тургунунун сөөгүн алып чыгышкан. Ал кишинин сөөгү “Тез жардамга” өткөрүлүп берилген.
Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.
Архивдик сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




