Сүлүктүдө шахтада уранды алдында калган эки жаран куткарылды  

Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» шахтасында урандынын алдында калган эки жаран куткарылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кырсык тууралуу маалымат шахтанын кызматкерлери 7-январда саат 19:49да кабарлаган. Ыкчам түрдө тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.

Кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы туулган И.Х.ны, андан кийин дагы жарым саат аралыгында 1976-жылы туулган И.М аттуу жарандарды аман-эсен куткарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Издөө-куткаруу иштери көмүр шахтасынын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты