Сүлүктүдө шахтада коркунучта калган шахтерлор куткарылды
- 12 месяцев мурун
Кечээ, 17-декабрда саат 14:38дер чамасында Сүлүктү шаарындагы ЖЧК “Нур” шахтасында газ чыккандыгы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) маалымат түшкөн.
Аталган дарекке өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун өздүк курамынан 7 куткаруучу, кошумча дагы 11 куткаруучу чыккан.
Сүлүктү шаары боюнча ӨКБ башчысы баштаган ыкчам топ да жеринде болуп, взвод куткаруучулары тарабынан 8 кен казуучу куткарылды.
Андан соң куткаруучулар аталган шахтада газдан тазалоо иштерин улантып, ийгиликтүү аякташкан.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




