Сүлүктүдө эки жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырды

  • 2 года мурун

Баткендин Сүлүктү шаарында милиция кызматкерлери тарабынан “Арсенал” иш-чарасы өткөрүлүп, каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарын, жардыруучу, уулу зат сакталган кампалардын сакталуу эрежелерин текшеришти.

Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 400гө жакын кожолук текшерилип, ок атуучу куралдарын каттоо мөөнөтүн бузган жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 134-беренеси («Ок атуучу, газ пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузуу») менен бир жаранга прокол түзүлдү.

Мындан сырткары Сүлүктү шаарынын 2 жараны мыйзамсыз сактап жүргөн 2 сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты