Курал-жарак жана ок-дары сатууга шектелип, 9 киши кармалды
- 2 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Н.Т.З., М.Э.К., Н.К.А., Н.Т.Т., О.Б.Т., А.Т.Б., С.Р.Д. ошондой эле чек ара кызматынын азыркы жана мурдагы кызматкерлери Э.К.К. жана А.у.Н. кылмыштуу бүтүм менен РГД-5 согуштук гранаталарынын ири партиясын сатууну көздөгөндүгү аныкталганын 2-июлда билдирди.
Маалыматта айтылгандай, «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чек ара кызматынын кызматкерлери менен кылмыштуу бүтүмгө келип, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен болгон куралдуу кагылышуу учурунда РГД-5 гранаталарын колдонуу шылтоосу менен, ишенип берилген мүлктү уурдап, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө сатып жибергени аныкталган. Кармалгандардын ар бири өздөрүнүн кылмыштуу милдеттерин ачык-айкын аткарышкан, бири кардарларды издөө менен алектенген, башкасы курал ташуу үчүн автотранспорт каражаттарын жана коопсуз кыймыл үчүн адистештирилген аскердик кийимдерди даярдоо болгон».
“Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 даана РГД-5 гранатасы, кесилген ок атуучу мылтык, 7,62 мм жана 5,45 калибрлүү ок-дарылар алынган. Ошол эле учурда кылмыш ишине тиешеси бар жалпысынан 9 адам кармалып, №21 тергөө абагына киргизилди.Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө” деп айтылат маалыматта.