Сүлүктүдө дайынсыз болгон адамды издөө улантылды
- 1 год мурун
Сүлүктү шаарында дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иши бүгүн, 23-декабрда да, улантылып жатканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
22-декабрда Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын 1980-жылы туулган тургуну А.З. аттуу эркек киши 2024-жылдын 19-декабрь күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы маалым болгон.
Издөө иштерине бүгүн Сүлүктү шаарынан 4 куткаруучу, ИИМден 25 жана чек ара кызматынан 2 кызматкер, 2 дрон, жалпы 31 адам тартылды.
Сүлүктү шаарынын тургуну, 1980-жылы туулган А.З. 19-декабрда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Сүлүктү шаардык бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




