“Сүймөнкул” аттуу мюзикл тартууланды
- 2 месяца мурун
Сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган «Сүймөнкул» аттуу улуттук мюзикл 28-мартта Кыргыз улуттук филармониясынын чоң сахнасында көрүүчүлөргө тартууланды.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Бул масштабдуу сахналык чыгармада бир адамдын тагдыры аркылуу бүтүндөй бир доордун руху, улуттук аң-сезимдин калыптанышы жана искусствонун адам жан дүйнөсүнө тийгизген терең таасири көркөм чагылдырылат.
Мюзикл улуу таланттын бала чагынан тартып, чыгармачылык бийиктикке жеткен жолун, анын ички дүйнөсүндөгү күрөштөрүн, оору менен алышкан түндөрүн, жалгыздык жана руханий изденүүлөрүн баяндайт.
Сахнада Сүймөнкулдун эки өнөрү– живопись жана кино өнөрү өзгөчө көркөм ыкмалар менен айкалыштырылып көрсөтүлдү.
Башкы ролдорду таланттуу артисттер аткарышат:
Сүрөтчү Сүймөнкул – Аксай Мукамбетов, актёр Сүймөнкул – Курал Чокоев, Чокмор (атасы) – Улан Качкыналиев, Какин (апасы) – Салима Балтаева, Темир Балкаевич – Миран Жанарбаев.
Мюзиклге улуттук филармония чыгармачыл жамааттары, белгилүү фольклордук ансамблдер, бий топтору жана оркестр катышып, жандуу аткаруулар менен коштолду.
Чыгармачыл топ: Либретто автору – Акбар Кубанычбеков, башкы композитор – Айжамал Алибаева, композитор – Эламан Каныбеков
Сүрөтчү-коюучу – Русланбек Орозалиев,, бий коюучу – Эрлан Камытбеков. Продюсер – Медербек Арапбаев, дирижёру – Рысбек Жумакунов.
Сүрөт: Маданият министрлиги тараткан




