“Чолпонум” мюзикли коюлат
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 17-июнда, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Чолпонум” июзикли көрсөтүлөт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
16-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, дастанчы-композитор Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган «Чолпонум» мюзикли көрсөтүлдү.
Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан сахналаштырылган мюзикл борбор шаардын к 16-июнда көрүүчүлөрү тарабынан жылуу кабыл алынды.
Улуттук обон, сүйүү, сагыныч, тагдыр жана адамдык асыл сезимдерди камтыган чыгарма көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.
«Чолпонум» мюзиклинин режиссёру – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурлан Мендебаиров, либреттонун автору – Назгүл Рыскул кызы, башкы дирижёру – Илгиз Абдылдаев.
Сүрөт: Маданият министрлиги




