Сүйүнчү! Жети миллионунчу кыргызстандык төрөлдү

  • 12 months мурун

Кыргызстанда жети миллионунчу ымыркай төрөлдү. Бул маалыматты улуттук статистика комитети тастыктады. Статком кененирээк маалыматты кийинчерээк берээрин билдирди.

Статкомдун маалыматы боюнча, алты миллионунчу кыргызстандык Айлин Кожошева Ош шаарында 2015-жылы 25-ноябрда туулган. Беш миллионунчу кыргызстандык Бишкек шаарында  2002-жылы 27-августта жарык дүйнөгө келген – Тынчтыкбек Курамаев. Төрт миллионунчу кыргызстандык Кайыпова Каныкей 1985-жылы 27-майда  Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты