Интеллигенция өкүлдөрү Табылды Эгембердиев менен Шайлообек Дүйшеевди Эмгек баатырына сунуштады
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 24-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Табылды Эгембердиев менен Шайлообек Дүйшеевди Эмгек баатырлыгына көрсөтүү сунушу менен интеллигенция өкүлдөрү кайрылгандыгын билдирди.
-Бизге кыргыз интеллигенциясынын атынан кайрылуу келип жатат. Бул өтө жүйөөлүү кайрылуу. Кыргыз эли бүтүн билген “Шоро” компаниясын негиздеген инсанды кыргыз эмес, “Шоро” аркылуу кыргызды тааныган дүйнө болуп калды. Табылды Эгембердиев, “Шоро” компаниясын негиздеп, “Супара” этнографиялык комплексин түзүп, ошол моделди Кыргызстандын бардык тармагына жайылта билген инсанга Эмгек баатыры наамын ыйгарып койсок, бул эң туура болот деп ойлойм, -деди депутат Мирлан Самыйкожо.
Ошондой эле депутат Шайлообек Дүйшеевди да Эмгек Баатырына сунуштоо боюнча кайрылууну тапшырды.
-Табылды Эгембердиев деген инсанды айтканда, ага шайкеш бүгүнкүнүн классиги “Кайдыгерлик”, “Арабадагы ыр”, “Агындылар” деген чыгармаларды жазган Шайлообек Дүйшеевге Эмгек баатырын берип койсок. Адабияттагы анын салымы өтө чоң, -деди Самыйкожо.
«Шоро» компаниясын жана “Супара” комплекстерин негиздеген ишкер, коомдук ишмер Табылды Эгембердиев 2015-жылы 64 жашында дүйнө салган. Компанияга «Супара» жана «Супара — Чуңкурчак» этнокомплекстери да таандык.
Шайлообек Дүйшеев 75 жашта. Ал “Кайдыгерлик”, «Арабадагы ыр», «Агындылар» ж.б. чыгармалардын автору. Шайлообек Дүйшеев II жана III даражадагы «Манас» орденинин, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын, КМШ мамлекеттеринин Чыңгыз Айтматов атындагы парламенттер аралык сыйлыгынын лауреаты.
Сүрөттө: Табылды Эгембердиев. Интернет булактарынан




