Азыркы замандын залкары, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов дүйнө салды
- 1 месяц мурун
Азыркы замандын залкары, «Эмгек Баатыры», Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусупов 89 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Фейсбук социалдык тармагында кабарлады.
Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусундагы Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань району) караштуу Он-Арча айыл өкмөтүнө кирген Эчки-Башы айылында туулган.
Кеңеш Жусуповдун “Жашоо кумары”, “Каралдым, тоолор”, “Микеланджело мекенинде”, “Жүрөгүм менин тоолордо”, “Ыр сабындагы өмүр”, “Байыркынын издери”, “Кыргыздардын байыркы маданияты”, “Жан шерик” ж.б. чыгармалары белгилүү.
Жазуучу Ашым Жакыпбеков менен бирдикте «Манас» эпосун проза түрүндө жазган. Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору. 1991–2002-жылдары «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк 10 томго жана 14 томдукка жеткирген.
Жазуучунун айрым аңгеме, повесттери түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз ж.б. тилдерге которулган.
1975-жылы Кеңеш Жусупов Алыкул Осмонов тууралуу «Ыр сабындагы өмүр» китеби үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын алган.
«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 2024-жылы Кеңеш Жусуповго “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылган.
Сүрөттө: Кеңеш Жусупов. Интернет булактарынан




