Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
- 4 месяца мурун
Рустам Мамасадыков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Рустам Мамасадыков Коопсуздук кеңешинин катчысы кызмат ордунан бошотулду.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын үч орун басары кызматтан бошотулду, анын ичинде Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Сүрөттө: Рустам Мамасадыков. Интернет булактарынан




