Балыкчы шаарында жактоочу кармалды
- 2 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 19-майда кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, акча опузалоо боюнча Кант шаарында жактоочу С.Р.Т. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, С.Р.Т. жеке жактоочу болуп туруп, коркутуу жана опузалоо менен А.М.М.дан доо арыздарды кайтарып алуу үчүн акча опузалаган.
Жактоочу УКМК тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК
Муну бөлүшүү




