Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ кызматкери кармалды
- 3 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаардык ички иштер башы башкармалыгынын (ИИББ) ички иликтөө бөлүмү менен Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) кызматкери М.Н.М. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, М.Н.М. кызмат абалынан пайдаланып, алдоо жолу менен шектүүдөн жабырлануучу тарапка келтирилген материалдык чыгымды «Мбанк» электрондук капчыгы аркылуу төлөп берүү шылтоосу менен 37 миң сом акча каражатын алган.
Кылмыштын изин жашыруу максатында М.Н.М. акча каражаттарын өзүнүн таанышына котортуп, кийинчерээк андан бул сумманы өзүнүн жеке «Мбанк» электрондук капчыгынын номерине которуп берүүнү суранган.
Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдик иш-чаралар уланууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




