Руслан Акундун «Бейиш — эненин таманында» тасмасы Малайзияда көрсөтүлүүдө

  • 2 месяца мурун

 

Куала-Лумпур шаарында кыргызстандык режиссер Руслан Акундун «Бейиш — эненин таманында» көркөм тасмасынын сынактык көрсөтүүсү 27-январда болуп өттү.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, көрсөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаевдин малайзиялык ATriNaga дистрибьютор компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга режиссер Руслан Акундун продюсердик тобунун өкүлдөрү да катышты.

ATriNagaнын маалыматына ылайык, тасма 2025-жылдын 13-февралынан тартып Малайзиянын бардык ири шаарларында көрсөтүлөт. Тасма кыргыз тилинде, малай жана англис тилдеринде субтитрлер менен күрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, ATriNaga тасманы 2025-жылдын февраль жана март айларында Индонезияда, Сингапурда жана Брунейде чыгарат.

«Бейиш – эненин таманында» тасмасынын Малайзияда жана башка региондордо көрсөтүлүүсү кыргыз тасмасынын тарыхында биринчи жолу Түштүк-Чыгыш Азияда кеңири прокатка чыккан тасма болуп калат

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги тасманын прокатка чыгуусуна маалыматтык колдоо көрсөтүп жатат.

Сүрөт: ТИМ таркаткан

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты