Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош, Баткен башкармалыгынын экс-башчысы кармалды

  • 1 год мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Д.К.Т. өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Ал кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2025-жылдын 14-мартында  кармалды.

«Кармалган жаран  экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош аймактык башкармалыгынын юристи болуп, 2021-жылы өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, ишенимге кирип, курулуш компаниялардын биринин директорунан, Ош шаарында көп кабаттуу үй курууга мамлекеттик органдардан уруксат берүүчү керектүү документтерди тоскоолдуксуз алганы үчүн 14 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алган» деп айтылат маалыматта.  

Белгиленген акча каражаттарынан тышкары, кармалган жаран кызматы үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батир талап кылып, күрөө катары «Тойота Фораннер» үлгүсүндөгү жол тандабасты алып, аны жакын тууганына каттаткан.

Ошол эле учурда милдеттенмелерин аткарган эмес жана алынган акча каражаттарын кайтарган эмес.

Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 15-мартындагы чечими менен кармалган жарандын  баш коргоо чарасы УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө тандалып алынды. Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты