Өрт кырсыгынан бир киши каза тапты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 3-июнда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда Ак-Жол өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан «Бишкек-Алма-Ата» кафесинин артында жаңы салынган чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда өрт чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө саат 11:51де Аламүдүн райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 12:00дө экинчи күжүрмөн эсеп жардамга чыккан.

Тилсиз жоо саат 12:34 чектөөгө алынып, саат 14:00 өчүрүлгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган Т.Н. уулу каза тапкан. Ошондой эле 2003-жылы туулган К.М. аттуу жаран жабыркап, “Тез жардам” унаасы менен шаардык N4 ооруканага жеткирилген.

Маалыматка ылайык денесинин 9% күйүк алган. Абалы туруктуу.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты