Өрт чыккан үйдөн 60тай адам эвакуацияланды

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Токтоналиев атындагы көчөдө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө таңкы саат 6:14тө жана 6:35, 6:36да үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Өрт саат 8:09да өчүрүлгөн.  Өрттүн кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки электр калкандары күйүп кеткен.

Куткаруучулар өрт болгон үйдүн 60тай кишини эвакуациялашкан.

Өрттүн себеби такталууда.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты