Роза Отунбаева: «Бул күн аялдарга карата тилектештиктин маанилүүлүгүн эске салган күн болсун»

6-мартта Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата “Доорду өзгөрткөн аял лидерлигине – 100 жыл» аталышындагы иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын экс-президенти, Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясынын жетекчиси Роза Отунбаеванын видео куттуктоосу жаңырды.

Роза Отунбаева кайрылуусунда аялдардын тарыхый салымы тууралуу белгиледи жана «Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата — аялдардын 100 окуясы» медиа-акциясын колдоп, бул демилге өлкөнүн өнүгүшүнө аялдардын кошкон салымын даңазалоодо чоң мааниге ээ экенин билдирди.

Экс-президент өз сөзүндө азыркы учурда да аялдардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча күрөш улантылып жатканын белгиледи. Айрыкча, Афганистанда аялдардын билим алуусуна, эмгек рыногуна катышуусуна коюлган чектөөлөрдү мисал келтирип, теңдик үчүн күрөш эч качан токтобошу керектигин баса белгиледи.

Иш-чаранын катышуучулары аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңдикти камсыз кылуу боюнча мындан ары да биргеликте иш алып баруу зарылдыгын белгилешти.

Бул иш-чара Кыргызстандын аялдарынын коомдогу ордун жана алардын укуктарын коргоо, лидерлик позицияларын бекемдөө максатында уюштурулду.

Булак: Роза Отунбаеванын демилгеси фонду

Сүрөттө: Роза Отунбаева. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты