Россиянын түзөтүү колонияларында Кыргызстандын миңден ашык жараны кармалып турганы айтылды

  • 1 месяц мурун

Учурда Россиянын түзөтүү колонияларында Кыргыз Республикасынын 1126 жараны кармалып турат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 9-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугунун 2024-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат угуу учунда белгиленди.

2025-жылы 93 киши Кыргызстанга экстрадицияланган. 2024-жылы 38 жаран экстрадицияланган. Ошондой эле ал консулдук бул багыттагы иштерди улантып, эмгек мигранттарына юридикалык колдоо көрсөтүп жатканын да кошумчалады.

Новосибирск шаарындагы башкы консул Айбек Айдарбековдун айтымында, бүгүнкү күндө Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын 268 460 жараны миграциялык каттоодо турганын маалымдады. Ал эми Новосибирск шаарында 17 791 жаран катталса, алардын ичинен 4624 жаран көзөмөлдөгү чет өлкөлүк жарандардын реестрине киргизилген.

Башкы консул ошондой эле жарандарга консулдук-укуктук кызматтарды көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, кыргыз диаспорасы менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу да маалымат берди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты