Россиянын эл артисти Леонид Куравлев көз жумду

  • 2 года мурун

Советтик жана орусиялык актер, Россиянын эл артисти Леонид Куравлев 30-январда 85 жашында узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Леонид Куравлев 1936-жылы 8-октябрда Москва шаарында туулган. Ал айтылуу ВГИКти аяктаган.

Чыгармачылык өмүрүндө ал 200дөн ашык ролду аткарган. Анын арасында “Ушундай жигит жашайт”, “Вий”, Жаздын 17-ирмеми”, “Иван Васильевич кесибин алмаштырат”, “Афоня”, “Аялды издегиле” жана башка көптөгөн фильмдерде чоң чеберчилик менен ойногон таланттуу артист болгон.

Леонид Куравлевдун адамдык бийик сапатын кесиптештери өзгөчө белгилеп келишет.

Россиянын эл артисти Леонид Куравлев көз жумду

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты