Россиядан 1 млн 800 миң сомдук товарды жеткирбей, сатып жиберген шектүүлөр кармалды  

  • 4 недели мурун

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча шектүү бир нече  жаран кармалды.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы компания Россиянын Екатеринбург шаарындагы металл базадан 44 тонна арматура сатып алган. Жүктү Бишкек шаарына жеткирүү максатында аталган ишкананын кызматкери WhatsApp тиркемесиндеги жүк ташуучу топторго жарнама жайгаштырган.

Андан соң өздөрүн жүк ташуучу унаанын айдоочулары катары тааныштырган жарандар компания өкүлү менен байланышып, арматураны жүктөп алып чыгып кетишкен. Бирок жүк Бишкек шаарына жеткирилбей, Ош шаарына алынып барып, башка жаранга арзан баада сатылган.

Андан компанияга 1 миллион 800 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө ушул сыяктуу дагы бир нече фактылар аныкталган. Алардын бири боюнча 2022-жылы Бишкек шаарынан Ош облусуна курулуш материалдарын жеткирүү шылтоосу менен ири көлөмдөгү курулуш опалубкалары жүктөлүп кетип, кийин базарга сатылып жиберилгени белгилүү болгон. Бул фактыдан жабырлануучуга 1 миллион 669 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

2025-жылы шектүүлөрдүн бири жаранга 45 тонна арпа жеткирип берем деп ишенимине кирип,  алдын ала 180 миң сом акча алып, товарды

жеткирбестен из жашырып кеткендиги аныкталган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган Т.уулу К., 1985-жылы туулган Б.Ш., 2003-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалган.

Жалпы Кыргыз Республикасынын аймагында жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу жалпы 18 арыз-даттануу катталган.

Бул фактылар боюнча келтирилген жалпы материалдык зыян 24 419 280 сомду түзгөн. Мындан тышкары, 2 жүк ташуучу автоунааны алдоо жолу менен алышып, мыйзамсыз сатып жиберишкендиги дагы аныкталган.

Россиядан 1 млн 800 миң сомдук товарды жеткирбей, сатып жиберген шектүүлөр кармалды  
Россиядан 1 млн 800 миң сомдук товарды жеткирбей, сатып жиберген шектүүлөр кармалды  
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты