Россияда сот Фейсбук жана Инстаграм соцтармактарын экстремисттик деп эсептеп, тыюу салды

  • 2 года мурун

Россияда сот Instagram жана Facebook социалдык тармактарын экстремисттик уюм катары эсептеп, өлкөнүн аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салды. 

Соттун чечими токтоосуз ишке ашырылышы керек.

“Америкалык Meta Platforms Inc трансулуттук холдинг компаниясынын Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактарынын ишмердүүлүгүнө Россиянын аймагында тыюу салынды.  Бул чечимдин WhatsApp социалдык тармагына тиешеси жок” деп айтылат билдирүүдө.

Instagram жана Facebook тармактарынан реклама сатып алуу экстремисттик катары эсептелет  деп кошумчалады ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты