Россияда кыргызстандык мекендештерин опузалoo, уурдоо менен алектенген кылмыштуу топ мүчөлөрү кармалды

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москва шаарында өз мекендештерин опузалоо жана  уурдоо менен алектенген кылмыштуу
топтун аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында ишкерлик кылган өз мекендештерин опузалоо жана аларды  уурдоо менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ иш жүргүзүп келген.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айында Москванын Марьина-Роща районунун аймагында кылмышкерлер бычак менен коркутуп, Кыргызстандын жаранын унаага салып, уурдап кетишкен. Аны батирде кармап, 1 млн рубль талап кылган.  Андан соң аны сабап, 78 миң рублин тартып алышкан. Эртеси кылмыштуу топтун мүчөлөрү жабырлануучунун 65 миң рублдик мүлкүн алып кетишкен.
Буга байланыштуу ИИМдин өкүлчүлүгү  Россия ИИМинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө боюнча ыкчам кызматкерлери менен бирге бул топко тиешеси бар адамдарды табуу жана аныктоо боюнча    иш-чараларды жүргүзгөн.
Жогорудагы факты боюнча Россиянын тергөө комитети тарабынан Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери (“Адамды уурдоо, опузалоо) менен кылмыш иши козголгон.
23-августта Россиянын ИИМинин  тиешелүү башкармалыктарынын ыкчам кызматкерлери Росгвардиянын ыкчам чараларды көрүү атайын отрядынын колдоосу менен шектүүлөр Москва шаарынын аймагынан кармалган.

Алар:
  -Кыргыз Республикасынын жараны, Талас облусунун тургуну, 1993-жылы туулган М.Э.. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран “Савелев базарындагы кыргыздар үчүн “смотрящий” криминалдык статуска ээ;
— Экинчи шектүү Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун
тургуну  2000-жылы туулган Ж. уулу Н..
Маалыматка караганда, жогоруда аталган адамдар мурда кармалган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.


Буга чейин маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Москва шаарында жана Москва облусунда «криминалдык авторитеттин» тапшырмасы менен иш алып барган уюшкан кылмыштуу топ кармалган. Алар акча талап кылуу менен алектенип, ишкердик менен алектенген жарандарга көзөмөл уюштурууга аракет кылышкан.
Кылмыштуу топту Нарын облусунда  1988-жылы туулган   А.А. башкарып келген.  Ал мурда бир катар оор кылмыштар үчүн соттолгон жана “Карагер”  каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары  ИИМдин каттоосунда турат.
Жогорудагы кылмыштуу топтун 7 мүчөсүн кармоо операциясы ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн.

Башкы сүрөт: Интернет булактарынан.


 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты