Россияда Instagram аркылуу бийликти басып алууга чакырык жасаган Кыргызстандын жараны кармалды

  • 3 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Россиянын Түштүк-Сахалин шаарында массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды жасагандыгы үчүн  Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандык») боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, Instagram социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу, 1993-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны З.у.К. мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

«З.у.К. өлкөдөн тышкары жүрүп, массалык башаламандыктарды уюштурууга жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга же басып алууга чакырган билдирүүлөрдү камтыган, бир тараптуу жана чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды системалуу түрдө жарыялап турган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, ал  Россия аймагында кармалып, Кыргыз Республикасына жеткирилди» деп айтылат УКМК маалыматында.

Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты