Россияда чет өлкөлүк жарандарга миграциялык кызмат үчүн кошумча мамлекеттик алымдар киргизилет
- 11 месяцев мурун
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн миграциялык кызматтарды алуу үчүн жаңы мамлекеттик алымдар киргизилет. Бул 2025-жылдын 31-июлунда Россиянын Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылганын тышкы иштер министрлиги эскертти.
Мамлекеттик алымдар төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
— чет өлкөлүк жаранды Россияда жүргөн жери боюнча каттоо үчүн (чет өлкөлүк жарандын келгендиги тууралуу билдирүүсүн берүүдө) – 500 рубль өлчөмүндө. Ошол эле учурда, бул мамлекеттик алым чет өлкөлүк жарандарга – Москва шаары жана Москва облусунда мобилдик аппараттын геолокациясы аркылуу чет өлкөлүк жарандарды каттоонун кошумча механизмдерин киргизүү боюнча эксперименттин катышуучуларына жайылтылбайт;
— чет өлкөлүк жарандын Россияда убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу үчүн (миграциялык картага мөөр басууда) – 1000 рубль өлчөмүндө.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик алымдардын көрсөтүлгөн тарифтери менен таанышып, андагы миграциялык органдарга барганда аларды эске алууну сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы




