Россия-Украина: Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өттү  

  • 2 недели мурун

Түркиянын Стамбул шаарында Россия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду 2-июнда Чираган сарайында эки саатка жакын, жабык эшик артында өттү.

Биринчи жолку сүйлөшүүлөрдөй эле, Россия делегациясын Владимир Мединский, Украина делегациясын Рустем Умеров жетектеди.

Сүйлөшүүлөр аяктагандан кйин Россия өз шарттары тууралуу меморандумун түрк тарапка берди. Бул тууралуу Мединский ЖМКга билдирди. Анын айтымында, меморандум эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктө узак мөөнөттүү тынчтыкка кантип жетишүү керектиги айтылат. Экинчи бөлүктө ок атышууну токтотуу үчүн эмнелерди жасоо керектиги белгиленет.     

Украина тарап ал документ менен таанышууга бир жума убакыт алат, андан кийин кандай кадамдар жасалары айтылат. Ал эми Киев өз меморандумун сүйлөшүү башталганга чейин эле Россия тарапка берген.   

Россиянын меморандумунда кандай шарттар жазылганы так белгисиз. Axios басылмасына Украина чиновнигинин билдиргенине караганда, Россиянын позициясы мурдагыдай эле. Москва Украина Куралдуу күчтөрүн Россия аннексиялаган Украина аймагынан чыгарып кетүү.

Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренконун айтымында, Россиянын меморандуму үч бөлүктүн турат, акыркы экөө алгылыктуу, иштеп көрсө болот. Бирок биринчи бөлүгүндө аннексияланган аймактардан Украинанын аскерлерин чыгарып кетүү камтылган. “Мындай меморандум ушундай вариантында кабыл алынбайт жана аткарылбайт” деп билдирди депутат Гончаренко.  

Россия менен Украина туткундарды жана каза тапкандардын сөөгүн алмаштыруу боюнча келишимге келишти. Мында абалы оор, оор жарадарларды, 18 жаштан 25 жашка чейинки туткундарды алмашуу боюнча сөз жүрүүдө. Ар бир тараптан 1000 адамга 1000 адам алмашуу тууралуу сөз болууда. Ошондой эле 6000 адамдын сөөгүнө 6000 адамдын сөөгүн алмашуу болору күтүлүүдө.

Россия менен Украина туруктуу медициналык комиссия түзүүнү макулдашты, алар саясий чечимдерди күтпөстөн эле оор жарадарларды алмашмакчы.   

Россия айрым жерлерде ок атышууну 2-3 күнгө токтотуп, каза тапкандардын сөөгүн жыйнап алууну сунуштады.  

Россия делегациясы Украина делегациясынын ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөргө АКШ өкүлдөрүн аралаштыруу сунушун четке какты.   

Украина делегациясы Россия тарапка украиналык жүздөгөн балдардын тизмесин берип, кайтарууну талап кылды. Украина Россияга 20-30-июнда дагы жолугушууну сунуштады.  

16-майда Стамбул шаарында Россия жана Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду өттү.

Сүрөт: Anadolu

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты