Рим папасы Украина боюнча тынчтык орнотуу миссиясына катышып жатканын билдирди

  • 1 год мурун

Рим папасы Франциск Ватикан Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтыкты орнотуу миссиясына катышып жатканын билдирди.

«Миссиянын алкагында иштер жүрүп жатат, бирок чоо-жайы коомчулукка айтыла элек. Кези келгенде деталдары жөнүндө өзүм айтып берем» деди понтифик.

Франциск тынчтыкка жетишүү миссиясы жөнүндө журналисттерге Венгриядагы үч күндүк сапарынан кайтып келатканда учакта билдирди.

«Тынчтыкка байланыш каналдарын ачуу менен гана жетүүгө мүмкүн деп ойлойм. Эгер алар жабык болсо силер эч качан тынчтыкка жетпейсиңер»деди ал.

Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Украинадагы абал жөнүндө Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен, ошондой эле Будапешт митрополити жана Венгер Илариону менен сүйлөшкөнүн билдирди. РБК басылмасы белгилегендей, Иларион буга чейин Орус православ чиркөөсүнүн тышкы байланыш бөлүмүн башкарган.

Франциск өз сөзүндө Орусияга же оккупацияланган аймактарга чыгарылып кеткен украин балдарын мекенине кайтарууга көмөктөшүүгө да даяр экенин белгиледи.

Өткөн жылы февралда Орусия Украинага бастырып киргенден бери Франциск дээрлик ар апта сайын тараптарды тынчтыкка чакырып, Киев менен Москвага ортомчу болуу каалоо жөнүндө бир нече жолу айткан.

Мындан тышкары 86 жаштагы понтифик тынчтык орнотуу миссиясы менен Киевге да, Москвага да барууну каалай турганын билдирген.

Сүрөттө: Рим папасы Франциск журналисттер менен учакта сүйлөшүүдө. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты