Риека шаарында Кыргызстандын ардактуу консулунун кеңсеси ачылды
- 1 месяц мурун
Хорватиянын Риека шаарында 12-декабрда Кыргыз Республикасынын ардактуу консулунун кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Кеңсе Vukovarska 10a дарегинде жайгашкан. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук-укуктук жактан колдоого багытталган ишмердүүлүгүн жүргүзө баштайт.
Иш-чарага Мажарстандагы элчи Талантбек Кушчубеков, Риека шаарындагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Боян Шиканич, Хорватиянын тышкы жана Европа иштер министрлигинин, Риека шаарынын мэриясынын, Приморск жана Горанск жупаниясынын администрациясынын өкүлдөрү жана коноктор катышты.
Коноктор консулдук кеңсенин ачылышы Кыргызстан менен Хорватиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, региондор аралык байланыштарды активдештирүүгө жана мамлекеттик, ишкердик структуралардын өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн белгилешти.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы элчилиги Кыргызстан тууралуу өлкөнүн жаратылыш-туристтик, маданий жана экономикалык потенциалын чагылдырган бет ачарды сунуштады.
Сүрөт: ТИМ




