Reuters: Орусия Украинадагы согушту токтото туруу боюнча АКШ менен сүйлөшүүгө аракет кылган

  • 2 месяца мурун

АКШ Украинадагы жаңжалды убактылуу токтото туруу боюнча Орусиянын президенти Владимир Путиндин сунушун талкуулоодон баш тарткан. Бул тууралуу Reuters агенттиги маселе менен жакындан тааныш орусиялык үч булагына шилтеме кылып кабарлады.

Булактардын айтымында, Кремль Орусия басып алган украин аймактарын өз карамагында калтыруу шарты менен согуштук аракеттерди токтото турууну сунуштаган. Путин 2023-жылы ортомчулар, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы араб өнөктөштөрү аркылуу Вашингтонго Украинадагы ок атышууну токтотуу мүмкүндүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирген.

«Америкалыктар менен болгон ал байланыштар эч кандай жыйынтык берген жок» деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жогорку кызматтагы орусиялык аткаминерлердин бири.

Орусиядагы дагы бир булактын айтымында, АКШ ок атууну токтотуу ыктымалдыгын Украинасыз талкуулабай тургандыгын ортомчулар аркылуу Москвага кабарлаган. Ошондуктан сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган.

Ошол эле маалда агенттиктин АКШдагы булагы Вашингтон менен Москванын ортосунда кандайдыр бир расмий байланыш болбогонун билдирип, АКШ Орусия менен Украинанын кызыкчылыктарын камтыган маселелер боюнча Киевдин катышуусусуз сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын белгилеген.

Reuters’тин маалымдашынча, буга чейин сүйлөшүүлөрдүн масштабы тууралуу кабарланган эмес. Кремль, Ак үй, Мамлекеттик департамент жана Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Бул Орусиянын президенти ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экендиги жөнүндө АКШга сигналдарды берип жатканы тууралуу алгачкы маалымат эмес. Январдын аягында Bloomberg агенттиги Кремлге жакын булактарына таянып, Владимир Путин Украинада тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендиги тууралуу АКШга сигналдарды берип жатканын кабарлаган.

Буга чейин The New York Times гезити Путин жаңжалды «токтотуп турууга» даяр экени жөнүндө жазган. Анда Путиндин негизги шарты — Орусия басып алган украин аймактарын Москванын карамагында калтыруу экени белгиленген. Бул жөнүндө Путин өзү да айтып, Орусия Украинадагы «жетишкендиктеринен» баш тартпай турганын билдирген. Ошол эле маалда ал согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына Киев менен Батыш өлкөлөрүн күнөөлөп келет.

Путин жакында америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде АКШ согуштук аракеттерди токтотуу үчүн Украинага курал-жарак берүүнү токтотушу керектигин айткан. «Вашингтон бул шартты аткаргандан кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болот. Каалоо болсо эле варианттары да бар. Москва диалогго даяр» деген ал.

Киев орус аскерлери Украинанын эл аралык коомчулук тарабынан таанылган аймактарынан чыгып кетиши керектигин расмий түрдө айтып келет. Ошондой эле өлкөдө Путиндин өзү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө расмий тыюу бар.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты