Reuters: Кытай Украина боюнча «тынчтык саммитине» катышпайт

  • 2 месяца мурун

Кытай июнь айында Швейцарияда өтө турган Украинадагы согушту токтотуу боюнча конференцияга өз өкүлдөрүн жөнөтпөйт. Бул тууралуу Reuters агенттиги өзүнүн төрт булагына шилтеме кылып билдирди.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский кытай лидери Си Цзиньпинге ачык кайрылып, аны Киев «тынчтык саммити» деп атаган конференцияга катышууга чакырган.

Агенттиктин булактары белгилегендей, Бээжиндин мындай чечим кабыл алышына «саммитке Орусиянын да, Украинанын да катышуусу зарыл» деген Кытайдын шарты аткарылбаганы себеп болгон.

Швейцария Москва «согушту токтотуу процессине катышуусу керектигин» билдиргени менен, Орусия саммитке чакырылган жок. Зеленскийдин айтымында, Киев орус тарап «процессти үзгүлтүккө учуратпашы үчүн» Орусиянын иш-чарага катышуусун каалаган жок.

Орусиянын өкүлдөрүн ортомчулар аркылуу саммиттин кийинки жыйынына чакыруу пландалып жатканы айтылды. Өз кезегинде Орусия жолугушууга чакырылган күндө да бармак эместигин, анткени Украинадан аскерлерин чыгарып кетүү маселесин талкуулоо ниети жок экенин билдирди.

Швейцария Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына ылайык, жалпысынан саммитке 160 өлкөнүн делегациялары чакырылган. «Конференцияга катышарын 70тен ашык өлкө ырастады. Алардын көбүнүн мамлекет же өкмөт башчылары келет» деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Bloomberg агенттиги Швейцариядагы саммитке АКШнын президенти Жо Байден катыша албай калышы мүмкүн экенин кабарлаган. Маалыматка караганда, бул анын шайлоо өнөктүгүнө каражат топтоо иш-чараларына байланыштуу.

Украинадагы согушту токтотуунун жолдору талкуулана турган конференция 15-16-июнь күндөрү Швейцариянын Бюргеншток аймагында өтөт.

Сүрөт: Видеодон алынган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты