Республикалык кан борборунун мурдагы директору кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык кан борборунун мурдагы директору кармалды.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу республикалык кан борборунун (РКБ) мурдагы директору 1972-жылы туулган К.Б.Б. (2012-жылдан 2025-жылдын август айына чейин кызматта болгон) 2020-жылы «М» ЖЧКсынын жеке менчик компаниясынын жетекчиси менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, бюджеттик каражаттарды чыгарып кетүү максатын көздөп, алар РКБга кымбат баалуу медициналык жабдууларды (Cobas S201 маркасындагы пцр-лабораториясын жана ARCHITECT Plus жана ABBOTT маркасындагы) ИХЛА-лабораториясын орнотушкан.
Медициналык жабдуулар орнотулгандан кийин экс-директор К.Б.Б. республикалык кан борборуна ПЦР жана ИХЛА лабораториялары үчүн керектүү реагенттерди жеткирүү боюнча «М» ЖЧКсы менен келишим түзгөн. Аталган компания 5 жыл бою реагенттерди жогорулатылган баада жеткирип турган. Ал эми алынган каражаттын белгилүү бир бөлүгү директор К.Б.Б.га берилип турган.
Республикалык кан борборунун 2020–2025-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында тергөө тарабынан мурдагы директор К.Б.Б. жана жеткирүүчү «М» ЖЧКнын аракеттеринен мамлекетке 36 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды.
5-мартта аталган кылмыш ишинин алкагында республикалык кан борборунун мурдагы директору К.Б.Б. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми «М» ЖЧКсынын жетекчисинин аракеттерине тергөөнүн жүрүшүндө укуктук баа берилет.
Аталган кылмыш иши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Сүрөт: УКМК




