Республикага 1,5 млн доза Sinopharm вакцинасы келди

  • 2 года мурун

Кыргызстанга COVID-19 каршы 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы жеткирилди. «Манас» эл аралык аэропортунда Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардам 14-декабрда тапшырылды.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов  гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, төртүнчү ирет гуманитардык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Кытайга ыраазычылык билдирди.

Эдил Байсалов кыргызстандыктарга кайрылып, өздөрүн жана жакындарын, өзгөчө, улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмделүүгө чакырды.

«Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы «omicron» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек» деди ал.  

Кытай элчиси Ду Дэвэнь көрсөтүлгөн жардам эмдөө процессине оң таасирин тийгизет жана республиканын жарандарынын ден соолугун коргойт деген ишенимин билдирди.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты