Рейтинг мелдеши: Кыргызстан балбандары үч алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болду

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте кечээ, 4-июнда, жыйынтыкталган Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш балбандары үч алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушту.

Алтын медалды Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов тагынды.

Алмаз Сманбеков кытайлык, грузиялык атаандаштарын утуп финалга чыкса,
Бекзат Алмаз уулу өзбекстандык жана казакстандык балбандарды утуп, алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограмм салмакта финалда грузиялык Шота Партенадзени утуп (8:2), жеңүүчү болду. Жумашбек уулу финалга чейин индиялык жана түркиялык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Бул салмакта дагы бир кыргызстандык Абдымалик Карачов коло байге алды.

65 килограмм салмакта Алибек Осмонов күмүш байгеге ээ болду. Ал финалда монголиялык Тимур Очирге жеңилди (3:5). Бул салмакта дагы бир кыргызстандык Икромжон Хажимуродов коло байге алды. Ал 3-орун үчүн беттеште аргентиналык Алехандро Дестрибатсты 8:2 эсебинде жеңди.

Орозобек Токтомамбетов 70 килограмм салмакта финалда казакстандык Сырбаз Талгатты 3:2 эсебинде жеңип алтын медал тагынды. Финалга чейин Токтомамбетов түркиялык, йорданиялык жана индиялык балбандарды утуп алган эле.
Бул салмакта дагы бир кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев коло медаль тагынды. Ал 3-орун үчүн беттеште грузиялык Гиоргий Елбакидзени 10:0 эсебинде таза утту.

79 килограмм салмакта Адилет Маратбаев коло байгеге ээ болду. Ал 3-орун үчүн беттеште казакстандык Бибарыс Нурулла уулун 10:7 эсебинде утту.

Эркин күрөш боюнча таймаштардын жыйынтыгында 15 команданын ичинен командалык эсепте 132 упай топтогон Грузия командасы 1-орунду алды. 2-орунду Кыргызстан (122 упай), 3-орунду Казакстан (116 упай) ээледи.

Эркин күрөш балбандары алган медалдарды кошкондо Кыргызстандын эсебине Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналган рейтингдик мелдештин жыйынтыгында төрт алтын, эки күмүш жана сегиз коло байге чогулду.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг), Дастан Кадыров (63 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло медалга ээ болгон.

Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаевдин элесине арналган рейтингдик мелдеш 1-июнда башталып, 32 өлкөдөн 500дөй спортчу катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты