Реабилитациялык борборлордун мыйзамсыз иши токтотулуп, жети киши камакка алынды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан «Идальго», «Решение» жана «Бишкек-Маяк» аттуу үч борбордун иши токтотулду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, реабилитациялык борбордун директорлору жана айрым кызматкерлери көбүнчө дарылоонун адаттан тыш ыкмаларын колдонуп, аларды күч менен баш ийдирип, электрошокер колдонуп, керебетке, отургучка отургузуп кыйнап, ошондой эле аларды изоляциялык бөлмөлөргө жайгаштырып, муну менен оор психологиялык травма келтиришкен. 

Мындан тышкары, аталган борборлордо бейтаптарга колдонууга тыюу салынган күчтүү таасир этүүчү психотроптук дары-дармектер табылган.

Көрүлгөн чаралардын негизинде соттун чечими менен реабилитациялык борборлордун директорлорунун жана кызматкерлеринин ичинен Э.у.Ч., К.К.Б., Р.Ф.С., Ж.А.Ж., К.Э., Р.В.Г. жана М.А.А. аттуу 7 адам кармалып, камакка алынды.

Мындан тышкары, мындан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө «Бишкек-Маяк» реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын эки өлүмү аныкталган.

Тергөө иштери улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты