Реабилитациялык борбордо бейтаптарды кыйноого жана мыйзамсыз пайда табууга шектүүлөр кармалды
- 3 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги «Путь в жизнь» реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөө фактыларын аныктады.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Путь в жизнь» реабилитациялык борбору көз карандылык менен жабыркаган бейтаптарды реабилитациялоого расмий түрдө адистешкен жеке медициналык жана психиатриялык мекеме катары иштеп жүргөн. Аталган мекеме өз ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарын бузуу менен жүргүзүп келген.
Тактап айтканда, мурда көз карандылык менен жабыркаган, жогорку медициналык билими жок, реабилитациялык борбордун кызматкерлери борбордун жетекчилигинин көрсөтмөлөрү боюнча жасалма психиатриялык процедураларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ошондой эле, бейтаптардын психологиялык абалы өтө оор болуп жаткан учурда, аларды тынчтандыруу үчүн адамгерчиликсиз ыкмаларды колдонуп, атайын даярдалган каражаттар (буту-колдор үчүн бекиткичтери бар керебет, дубинка ж.б. кыйноочу аспаптардын түрлөрү, электршокер, оозун жабуучу каражаттар жана башка буюмдар) менен күч колдонулган.
Жазанын кошумча чаралары катары баш ийбеген бейтаптарды «изолятордук» бөлмөлөргө жайгаштырып (караңгылатылган терезелер, тосмолору бар), тышкы дүйнө менен байланышын чектеп, памперс кийгизип, даараткананы жана жеке гигиена каражаттарын 7-8 сутка бою колдонууга мүмкүнчүлүк берген эмес.
Белгилей кетсек, борбордун бизнес ишмердүүлүгү ээлерине олуттуу каржылык киреше алып келген, анткени бир бейтап үчүн ай сайын төлөнүүчү төлөм 80 миң сомду түзгөн. Ошол эле учурда, бейтаптардын реабилитациялык чыгымдарын төлөгөн туугандары жана досторунун борбордо колдонулган чыныгы дарылоо ыкмалары жөнүндө маалыматы болгон эмес.
Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында реабилитациялык борбордо бейтаптарды жугуштуу дарттары боюнча (ВИЧ, кургак учук, грибок оорулары, паразиттер, сифилис, герпес, гепатит) жараша бөлүү принциптери сакталбагандыгы аныкталган.
Аны менен катар, кошумча маалыматтарды жана башка тиешеси бар тараптарды аныктоо учурунда, кызмат адамдарынын (медициналык кызматкерлердин) материалдык пайданы мыйзамсыз алуу схемасына катышкандыгын көрсөткөн материалдык далилдер да алынган.
Мындан улам, жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгында жана кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык, төмөнкү адамдар: И.Р.К., М.Дж.Н., Е.А.В., М.И.М., М.В.А., Т.Ч.А., К.К.И. жана Х.С.В. кармалган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК




